Датасы: 05.10.2020
Формат: mp3

Татымың тоонун балы, аселдейим,
Сүйөмүн, балким, алыс сезилбейин.
Арзуумду аягандай туюлармын,
Ичимден канча сага эзилбейин.
Эзилбейин, эзилбейин, аселдейим,
Кайырма:
Тоо булагы аккандай,
Алма бүчүр ачкандай,
Айга Чолпон жаккандай,
Мен сени сүйөм.
Жаздын таңы аткандай,
Булбул гүлүн тапкандай.
Айга Чолпон жаккандай,
Мен сени сүйөм.
Жыпарың тоонун балы, аселдейим,
Түшүнүп, ишен, башка эмне дейин?
Түбөлүк эриш–аркак бололу бир,
Жоготуп такыр сени издебейин,
Издебейин, издебейин, аселдейим.
Кайырма:

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *