ЭКИ БИР ТУУГАН ЖАНА ЖОКЧУЛУК

Достор менен бөлүш
  •  
  •  
  •  
  •  
  •  
8

Эки бир тууган болуптур. Бай агасынын акчасын тооктору да терип жебей калган экен, а инисинин үйү толо оозун ачкан ачка балдары менен алакандай жери гана бар эле.

Жан бакканга жыл бою агасына иштеп берип, акысына бир ууч гана буудай алчу экен. Буудай бышканда аялы экөө түшүмүн жыйнаганга киришет. Кечинде жаан жаачудай, чагылган чартылдап келди. Кедей аялын үйүнө жиберип, өзү буудайды жаанга калтырбай боологонго киришти. Кечке чейин иштеп, караса бирөө талаада кыбырап жүрөт.

— Сен кимсиӊ ? – деп кедей сурап калды.

— Мен сенин агаӊдын бактысымын.

— А бул жерде эмне издеп жүрөсүӊ?

— Машак терип жүрөм, чоӊураак буудайдын баштарын агаӊа, кичирээктерин сага.

Кедей аны жакадан алып жулкулдатып жиберди.

— Сен эмне кылып жатасыӊ, ыя! Анын ансыз деле дүнүйөсү түгөл. Мени жокчулуктан чыгарганча менин акыркы жарыбаган буудайыма көз артасыӊ.

Бакыт иштин башкага бурулганын көрдү.

— Коё тур, — дейт. – Мени эмне күнөөлөйсүӊ, өз бактыӊды  кармап алып иштетпейсиӊби. Кедейлердин да өз бактысы бар.

— Кана ал бакыт, мен аны көргөн жокмун го.

— Кайда болмок эле, корчмада жүрөт, — деп, атүгүл кайсы корчма экенин да айтып берди.

Кедей кургур айткан жерге жини менен ошол замат жүгүрүп барды, караса, чын эле бирөө отуруп стакан артынан стаканды жутуп отурат. Эшикке чыгарып алды да, жемелей баштады.

— Сен балан-түкүн, трактирден чыкпаган  пьянкеч! Мен жан талашып иштеп, арыктап өлө турган болдум. Жокчулуктан качан кутулаарымды билбейм,  а сен ичкенден башканы билбейсиӊ.  Агамдын бактысы баарын үйүнө ташыйт экен, жок дегенде сен бир тоголок буудай алып келсеӊ боло үйгө! — Катуу ачууланды: — Иштейсиӊби же жокпу, аракеч?

А тиги  сөздөрү тамаша эмес экенин түшүндү го, жооп берди:

— Мен иштей албайм. Жокчулук иштетпей калсын, ал эчак сенин үйүӊө ээ болуп алган.

— Андан эми кантип кутулам?

— Болгон оокатыӊды ал да, башка айылга  көчүп кет.

Кедей ал айтканды жасады, чабырын токуду да, балдарын арабага отургузуп, жөнөп кетти. Айылдан чыга бергенде узун бойлуу, ачуусу бетине чыккан бир кыз кайдан-жайдан жүгүрүп келип, аны да ала кетүүсүн талап кылды. Кедей ал кыз ким экенин биле койду да, токойго кире берери менен аны кармап алып, чынжыр менен жоон даракка байлап салды.

Бир нече жылдан кийин абдан байыган кедей, агасына конокко келди. Мынчалык кантип байып кеткенин сурашканда —  иниси жашырбай баарын айтып берди.

Алар кетээр менен жеӊеси күйөөсүнө асыла баштады:

— Бар, келесоо, жокчулукту бошотуп жибер. Байлыгына мактанбай, баягыдай бизге малай болсун.

Агасы атка минип токойго жөнөдү, байланган жокчулукту тапты. Ал байкуш арыктап өлгөнү эле калыптыр. Күнгө карарып күйгөн, жаанга шөлбүрөп суу болгон, шамалга кургап, каткан. Аны чынжырдан бошотору менен агасын кокодон алды.

— Мен сени бошоттум, — деп агасы кыйкырат, — бар менин иниме.

Тиги айтат:

— Калп айтпа, ага барбай калайын. Ал каргыш тийгир мени өлтүрүп коё жаздады.  Сен мени бошоттуӊ, мен сенден өлөр өлгүчө ажырабайм.

Агасы жанталашып атына минип үйүнө чаап барса, жокчулук андан мурун үйгө жеткен экен. Ошондон баштап малы менен канаттуулары ооруп өлө баштады, үйү эскирип кыйшайып калды. Ошол күндөн алардан жокчулук кетпеди, өмүрүнүн акыры, кудай көрсөтпөсүн, жаман тамда, жакырчылыкта өттү.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.