Эки бир тууган аудиосун угуу

Илгери илгери эки бир тууган болуптур. Алардын кичүүсү кедей экен, улуусу бай жашаптыр. Улуу бир тууган кичүүсүн теңине албай, бир гана өзүндөй байлар менен мамиле түзүп, дос болчу экен.

Ал өз инисинин көңүлү каларына карабай жарды туугандан пайда жок экенин, кыйынчылыкта бир гана бай достору жардам берерин саймедиреп айта берчү.

Бир жолу анын ушундай кептерине таарынган иниси кетип калган соң байдын аялы мындай дейт:

— Сен иниңди бекер эле баалабай жатат окшойсуң. Менимче, ал туугандыкка туруктуу көрүнөт. Болбосо азыркыдай сөздөрүңдөн улам ал эбак эле сенден кол үзмөк.

— Ошентсе деле мен буга ишенбейм, агасын колдой турган колунда эч нерсеси жок немеден кайдагы жакшылык, мен бир гана бай досторума ишенем.

— Кимдин ким экени башка кыйынчылык түшкөндө билинет, бирок ал жамандыкты күтүп жүрө бербей: кел, досторуң менен иниңди сынайбыз?

— Кантип?

— Бул оңой эле, биз бир эчки соёбуз да капка салабыз, анан сен барып досторуңа байкабастан киши өлтүрүп алганыңды айтып, анын сөөгүн элге билгизбей жок кылышып коюшту суранасың, ошондо гана алардын кимиси ишенимдүү жолдош экени билинет.

— Болуптур, — деп аялынын сунушуна макул болгон бай түн катып досторун кыдырып, аларга капалуу түр көргөзүп, кокусунан киши өлтүрүп алганын, сөөктү жашырышып коюуларын айтып өтүндү.

Биринчи эле барган эң жакын досу муну укканда абдан катуу ооруп калганын, өлүк көтөрмөк тургай бутуна эптеп карманып турганын айтып карганды, экинчи жакшы көргөн досу аялы катуу ооруп башында отурганын шылтоолоду.

Кийинки достору муну укканда киши өлтүргүч мыкаачыга эч кандай жардам көрсөтпөй турганын айтып кубалап жиберишти.

Ошентип баардык достору кылмышына шерик болуудан коркуп, жардам берүүдөн баш тарткандан кийин гана ал инисине келди.

Ал агасынын сөзүн угары менен үйүнө кирип, шашылыш кийинип чыга калды. Жолдо-ката өлүккө таш байлап дарыяга чөктүрүп жиберүүнү агасына кеңеш кылган ал үйгө кирип эле эчкинин өлүгүн көтөрүп жөнөмөк болду.

— Сен муну эмне кылмай болдуң? – деп сурады жеңеси.

— Дарыяга таш байлап чөктүрүп жибериш керек!

— Капты ордуна кой, ал бизге керек, — деген жеңеси ага болгонун болгондой айтып берди.

Агасы болсо инисинен ошол замат кечирим сурады. Эчкинин этин бышырышкан эки бир тууган ошол түнү боорлошо сүйлөшүп укташкан жок.

Эчкинин эти койдукуна жетпесе да ал түнү абдан даамдуу болду. Ошондон кийин эки бир тууган абдан ынак болуп, агасы инисине жардам бере баштаптыр. Ал эми ишенчиликсиз досторунан ал таптакыр кол үзүптүр.

Топ 10 популярдуу жомок

Ырдын атыLike саны
Алия менен жылкы39
Акылдуу кыз жомок35
Кыска жана күлкүлүү жомоктор34
Акылдуу балдар29
Көмөч нан (колобок) жомок23
Кырк калп жомок21
Нооруз жөнүндө жомок21
Жылдын төрт мезгили жөнүндө болумуш20
Карышкыр менен эчки20
Карышкыр жана жети улак18

Один комментарий к “Эки бир тууган жомок”

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *