Датасы: 16.10.2020
Формат: mp3

Алтыным, сага арналат ырым,
Айтылып калсын жүрөктө сырым.
Жалбырак өңдүү саргайбай сүйүүм,
Жапжашыл болуп жашасын кылым.
Кайырма:
Алтындан кымбат ардагым менин,
Айга да теңейм ажарың сенин.
Толкунуң менен толкусун жүрөк,
Толтуруп турчу дүйнөмүн кенин.
Ажарың сүйкүм асманда айдай,
Айлансам жерди артыңдан калбай.
Каркыра куштай катарын бузбай,
Каккандан такыр канатым талбай.
Эңсеген сайын эңсегим келет,
Энчиме бүткөн эң кымбат белек.
Жамалың сенин жаркырып турган,
Жаныма менин күч-кубат берет.

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *