Кыйналдым го сени таппай
Түндөр узун күндөр батпай
Бир көрүнчү жүздү катпай жаным
Сырларымды сага ачтым
Жалгыз жүргөн жолдон качтым
Жашоомдогу байлыгымсың жаным

Кайырма:
Жаңы ачылган жаз гүлүндөй аруу жансың
Жүрөгүмө нурун сепкен аппак таңсың
Карагаттай көздөрүңөн кагылайын
Сенин көзүң
Күндөн күнгө ашыктыгым артып барат
Назик үнүң ширин сөзүң тартып барат
Өңүмдө да түшүмдө да сени ойлоп жүрөм

Сен жашырбай чының айтчы
Сүйөм деген сөзүң калппы
Ишене албай мен турамын жаным
Үзүлбөгөн үмүт берчи
Сагындырбай кайра келчи
Түбөлүккө бол тумарым менин

Кайырма:
Жаңы ачылган жаз гүлүндөй аруу жансың
Жүрөгүмө нурун сепкен аппак таңсың
Карагаттай көздөрүңөн кагылайын
Сенин көзүң
Күндөн күнгө ашыктыгым артып барат
Назик үнүң ширин сөзүң тартып барат
Өңүмдө да түшүмдө да сени ойлоп жүрөм

Жаңы ачылган жаз гүлүндөй аруу жансың
Жүрөгүмө нурун сепкен аппак таңсың
Карагаттай көздөрүңөн кагылайын
Сенин көзүң
Күндөн күнгө ашыктыгым артып барат
Назик үнүң ширин сөзүң тартып барат
Өңүмдө да түшүмдө да сени ойлоп жүрөм

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *