Өтөр-кетер, өмүр арты мунарык,
Убакыттын улам арты тунарып.
Башым катат ойго түшсөң, акырет,
Бассам-турсам күнөө буттан чубалып.
Билип туруп кылганымды шок болдум,
Ысык дебей бастык арам отторду.
Билдим, бирок бир убакта мемиреп,
Күнү бүтүп жүрөк дагы токтоорду.
Ыр жазамын, шуру кылып тиземин,
Калемимдин сыясында сүзөмүн.
Асман толо бакыт жүрсө мени издеп,
Неге билбей үмүтүмдү үзөмүн?..