Датасы: 01.10.2020
Формат: mp3

Бир өзүңсүң көңүлүмдө,
Сүйүү болдуң жүрөгүмдө.
Мени сендей ардактаган,
Ким бар дейсиң бул өмүрдө?
Кайырма:
Асмандагы айдай жандың,
Сен жашоомду саймаладың.
Мени сүйгөн жүрөгүңдүн,
Кагышынан айланайын.
Сага мен да болдум кумар,
Жүрөгүмө тактың тумар.
Сенин сүйүүң жалындаган,
Мага тирек болуп турар.
Кайырма:
Сенин сүйүүң алга сүрөт,
Үмүт болуп менде жүрөт.
Сүйкүм жүзүң көргөнүмдө,
Бир мен эмес, дүйнө күлөт.
Кайырма:

Нурзат Садыкова — Айланайын тексти: 24 комментарий

  1. Эээ сонун ыр
    Ырдын атын табпай кечке издеп атып таптым

  2. Тура эмес жазылган ыр экен бүрөк бул жөн гана кавер

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *