Датасы: 13.03.2023
Формат: mp3

Ойлорду дурустайлычы
Өмүрдү курутпайлычы
Ансыз да көз ирмем жашоо
Адамдар урушпайлычы

Жүрөктү жыргаталычы
Жүрөктөн сырдашалычы
Ак таңдай нурданып жанып
Адамдар сыйлашалычы

Убайдан алыстайлычы
Урушуп чабышпайлычы
Ишеним алсырап барат
Иш менен аныктайлычы

Бөксөрүп төгүлбөйлүчү
Бөйрөктөй бөлүнбөйлүчү
Жараткан кудайга анан
Жагымсыз көрүнбөйлүчү

Аңдышып жашабайлычы
Жамандык жасабайлыкчы
Жүзүбүз нурданып турсун
Жүрөктү тазалайлычы

Жакшыга өзгөрөлүчү
Жакшыны тез көрөлүчү
Жашоону баладай сүйүп
Жагымдуу өткөрөлүчү

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *