Датасы: 28.08.2020
Формат: mp3

Асманына кут тараткан
Атам апам кош жылдыз
Заманына куп жарашкан
Биздин беле топ жылдыз
Арасында кош канатчан
Мен боломун шок жылдыз

Кайырма:

Айланайын апакем да
Ачуу сөзүң дабакен
Кагылайын атакем ай
Каттуу сөзүң дабакен
Канат болуп кандан бүткөн
Калың журтуң балакен
Урмат болуп тандан бүткөн
Улуу журтуң балакен

Көл бетинде көлгөн турган
Атам аска деп койом
Алдей айтып бизди баккан
Апамды бакча деп койом
Ортосунда оргуп аккан
Мөлтүр булак мен болом

Саманчынын жолун улап
Санжырасын узарган
Сапар чеккен биздин бөлө
Сан жылдыздан куралган
Мен шок жылдыз
Ата энемдин амандыгын суранган
Мен шок жылдыз
Бир туугандар амандыгын суранган

Айланайын апакем
Кагылайын атакем

Эльзар Өскөнбаева — Ата-эне тексти: 3 комментарий

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *