Датасы: 13.04.2025
Формат: mp3

Биздин сүйүү өмүргө өчпөс шам берди
Билбеске не, билген жандар таң берди
Элге эркелеп, элдик болуп жаралган
Эңсөө толгон жүрөгүбүз дал келди
Эңсөө толгон жүрөгүбүз дал келди

Зор максатты көтөрсөк да экөөлөп
Жүзүбүздөн душман көзү кете элек
Түндүгүбүз үйбүлөөдө бийиктеп
Бактыбызды жүрсөк экен бөпөлөп
Бактыбызды жүрсөк экен бөпөлөп

Мындай сүйүү бизге кайдан кабылган
Ырга айландын, жан дүйнөмдө жанырган
Улуу сүйүү буйургандай теңирден
Мен да сенин таалайыңа жазылгам
Мен да сенин таалайыңа жазылгам
Мен да сенин таалайыңа жазылгам
Мен да сенин таалайыңа жазылгам
Мен да сенин таалайыңа жазылгам

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *