ЭМГЕКЧИЛ КЫЗГА СЫЙКЫРЧЫ АЯЛДЫН БЕЛЕГИ

Достор менен бөлүш
  •  
  •  
  •  
  •  
  •  
12

Илгерки өткөн заманда эки кызы бар жесир аял болуптур. Улуу кызынын мүнөзү, келбети энесинен айрып алгыс экен. Айылдаштары улуу кызын энеси менен алыс жүргөнгө аракет кылышыптыр. Анткени өтө эле орой, көкүрөгүн көтөргөн арамзада экен. Ал эми кичүү кызынын кыял-жоругу кадим эле атасына окшош, адамдын көңүлүн оорутпаган, өтө боорукер, сулуулугу көргөн жанды суктандырган башкача ургаачы затынан экен.

Энеси улуу кызын өзүнө тартып, кичүүсүн жек көрүп, аны эртеден кечке чейин иштете берет. Чоң кумура менен булактан суу алдырат. Булак он-он эки чакырым алыс экен. Бирок чарчадым-чаалыктым, кабагым-кашым дебестен эмгек кылгандан талыкпайт кичи кызы.

Эмгекчил кыз бир күнү булактан суу алып жатса, бир жүдөгөн аял келип, кыздан суу сурайт. Кыз кумурасын тез чайкап, толтура суу сузуп, ичкенге оңтойлуу кылып:

– Ичиңиз, – деп кичипейилдигин көрсөтөт.

Аял суудан кичине жутуп, эмгекчил кызга мындай дейт:

– Сен өтө эле кичипейил, адамкерчиликтүү, боорукер экенсиң, бүгүндөн баштап сенин ар бир сүйлөгөн сөзүң оозуңдан гүл, же асыл таш болуп чыгат. Кош бол, – деп коюп, сыйкырчы аял көздөн кайым болот.

Кыз кумурадагы сууну көтөрүп үйүнө келсе, энеси жер-жеберине жетип тилдеп, жаагын баспай уруша баштайт. Жоготом, житирем дей берет.

Эмгекчил кыз:

– Кечирип коюңуз, апаке, — деген сөздөр оозунан чыккан сайын ар түрдүү гүл, бермет, алмаз болуп, ыргып жерге түшүп, үй ичин шаңга бөлөйт. Кыз булактын жанындагы окуяны баштан-аяк энесине айтып берет.

– Андай болсо улуу кызым, сен дагы булакка барып жүдөп, суу сураган аялга жакшы мамиле менен суу бергин, – деп кеңешин айтат.

Улуу кызы ыңгыранып, араңдан зорго кыйылып, кумураны көтөрүп, булактын жанына барат. Ал жаңы эле булактын жанына жеткен кезде жакшы кийинген, сыйкырчы аял келип суу сурайт.

– Мен сураган адамдарга суу бериш үчүн келгеним жок, кааласаңыз ичиңиз, – деп кекетип-мокотуп сүйлөйт. Жаман көзү менен карайт. Ошондо сыйкырчы аял:

– Сен сүйлөгөн сөзүң кара чаар жылан, бака, ташбака болсун! – деп көрүнбөй калат.

Эрке кыз:

– Энеке, эмне болгону курусун, — дегенде эле, оозунан жылан менен ташбака, бака ыргып түшөт. Энеси коркуп, чалкасынан кетет. Бир аздан соң эсин жыйнап, кичи кызын тилдеп урушат. Акыр аягында, кыз токойго кире качат.

Токойдон аң уулап келе жаткан падышанын уулу жолугат. Кыздын сүйлөгөн сөзүнөн гүл, каухар, берметтер түшкөнүнө аябай суктанат. Жүрөгү ага аябай берилет. Жигит хандын сарайына келип, экөө бирге өмүр сүрүшөт. Ал эми энеси менен улуу кызы эч жерге батпай жүрүп, орой мамилеси башына жетип талаада өлөт.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.