Эңсей берем жаштыгындын мезгилине,
Элестетип жазгы суунун киргенин.
Кумар отун кусалыкка батырып,
Кара чачтын ак чаларын билбедим.

Эңсей берем жайкы таңдын көктөмүн,
Ээ-жаа бербей жамгыр тынбай төккөнүн.
Күлгүн курак өткөн чакты сезесиң,
Кызыл жуздун нуру тарап өчкөнүн.

Эңсей берем жылдыз учуп өчкөнүн,
Эрке кыял кыз-уулума көчкөнүн,
Карап туруп анан кантип картайбайм,
Куш мүчөлүү кыз-уландын көркөмүн.

Энсей берем кызгалдактуу талааны,
Элестүү учур бир кайрылбай калабы
Элегине миң кабылткан откүр чак
Эңилчегин сыйлап өтчү жаратты.

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *