Датасы: 24.12.2025
Формат: mp3

Үнүңө моокум канбай
Чалганга колум барбай
Анткени болуп кеттик
Чоочундардай

Билбейм да жүрөгүңдү
Азыр бирөө бар уялаган
Чын айтсам билгим келбейт
Сурабагам

Кайырма:
Кантейин сени издеп баралбасам
Кантейин сага жакын саналбасам
Мурдагы сенин эски номериңе
Өчүк деп турса дагы кабарлашам

Кантейин сени издеп баралбасам
Кантейин сага жакын саналбасам
Мурдагы сенин эски номериңе
Өчүк деп турса дагы кабарлашам

Биздин сүйүү эски аллеядай
Унутулуп калды эч ким барбай
Биздин сүйүү кыска-нуска
Түшүнүксүз бүткөн поэмадай

Мен сени сагынам азыр деле
Унута албадым такыр эле
Башкалардан таппадым, кетирбедим сактадым
Сенин жытың өзү атыр эле

Чыдайм, эптейм
Өз жолума беттейм
Эми кайгы тартпайм
Азабыңды чекпейм
Себеби сен сүйгөнүм
Калганымсың жетпей

Кайырма:
Кантейин сени издеп баралбасам
Кантейин сага жакын саналбасам
Мурдагы сенин эски номериңе
Өчүк деп турса дагы кабарлашам

Кантейин сени издеп баралбасам
Кантейин сага жакын саналбасам
Мурдагы сенин эски номериңе
Өчүк деп турса дагы кабарлашам

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *