Датасы: 16.11.2020
Формат: mp3

Санаага салып менин түшүмө кирдиң
Садагам күнүм болуп күлмүңдөп тийгиң
Кайдасың айтчы деги ашыгым азыр
Кадырың кечир эми кечигип билдим
Эстесем эзилемин от болуп күйөм
Эх жаным кечирилгис беле менин күнөөм
Мейли күн арадан ай жылдар өтсө да
Мен сени махабатым баары бир сүйөм

Кайырма:

Эркем ай дечелем сени
Эркелеп эми , кайрылып келчи
Кечирип мени
Сүйүүмө күбө менин асман да булут
Сезимим сага деген булактай тунук
Сагындым куса болуп асылым сени
Суранам кечир мени баарын сен унут

Кызыксыз күндөр өтүп өзүңсүз барат
Кымбатым күн өткөрөм жолуңду карап
Жыргалым кайрылып кел өтүнөм сенден
Жүрөгүм жүрөгүңдү күтүүдө самап

Сүйүүбүздү сактап калчы
Кечир деги, кечир мени
Кечиримди сурайм дагы
Кечир мени кечир эми
Сени эле күтүп келем ,сени эле сүйүп келем
Кечир мени жаным , кечир мени

Эрлан Андашев — Кечир мени тексти: 5 комментарий

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *