Сыздаба жаным сыздаба
Сезимдер муздап калса да
Сүйүүбүз өчпөс түбөлүк
Сен жаным менин сыздаба
Кайырма:
Ыйлаба жаным, ыйлаба
Көз жашын төгуп кыйнаба
Арманда өтөт күндөрүм
Айачы мени кыйнаба
Ашыктык балы тамганда
Алоолоп оту жанганда
Албырып жүзүн жалбырайт
Ай күнүн тапкан ар танда
Кайырма
Жылдызын жанып мандайда
Жыргалым сендей жан кайда
Жылуулук берет жан дүйнон
Жан эркем сендей жан кайда
Кайырма