Силер Эро деген ким экенин билесиңерби? Ал Герцоговинадан чыккан кедей болуптур. Адилетсиздикке эч качан чыдай албачу экен. Сараң байларды жазалайт. Көпкө умтулган ач көздөрдү азга да жеткирбейт. Ал эми мыдыры калгандарга жардам берип, ыйлагандарды сооротот. Көрдүңбү, Эро деген кандай жигит!

Бир жолу Эро кыштакка келаткан эле. Алдынан эшектерин айдаган соодагер чыгат. Алардын тогузуна жүк артып, онунчусуна өзү минип алыптыр. Эро менен соодагер көлөкөлүү бактын алдынан кездешип, аптаптан коргологуча эс алып туруп калышты. Соодагер өзүнүн эшектерин саноого киришет. Санап-санап бир эшеги жок экенине көзү жетет да:

— Он эшек болчу, тогузу эле калыптыр,- деп ыйлап да жиберди.- Уксаң,- деди анан ал Эрого кайрылып.- Сен билесиңби, менин бир эшегимди ким уурдап алышы мүмкүн? Он эшек болчу, тогузу эле калды.

— Сенин он эшегиң болгону чынбы?- деп андан Эро кайра такып сурады.

— Ооба, оноо болчу, он эшек болчу!- чыйпылыктап жиберди соодагер.

Ошондо Эро ага  таңгалычтуу кеп айтты:

— А мен он бир эшекти көрүп турам.

— Кана, ошол он бир эшек? Кичипейилдикке айтып койосузбу?

— Тогузу алдыңда турат, онунчуну өзүң минип турасың, ал эми он биринчи эшек өзүңсүң!

Топ 10 популярдуу жомок

Ырдын атыLike саны
БУГУ ЭНЕ(«Ак кеме» повестинен үзүндү)81
Алия менен жылкы44
Карышкыр менен эчки44
Карышкыр жана жети улак37
Акылдуу балдар31
Акылдуу кыз жомок27
Кыска жана күлкүлүү жомоктор24
Акылдуу кыз17
Нооруз жөнүндө жомок16
Аяз ата14

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *