Күн аябай ысып, аптап күчөп турган.

Аптапка куйкаланып, өлөрчө чаңкап, араң илкиген карышкыр менен эшек сууну карай жанаша басып келатышты. Карышкырдын суусагандан улам акактаган оозунан кургап калган тили салаңдап, анын мээсинде бир гана сууга жетип ичиш тургандыктан ал эшекке көңүл буруп да койгон жок.

Эшек дагы аптапта ушунчалык эрип кетчүдөй эзилгендиктен суудан башка эч нерсе эсине келбей, өзүн жеп койчуу жырткычтын жанында баратканын байкаган жок. Ошентип алар илкий басып жүрүп отуруп акыры дарыяга жетишти. Карышкыр болушунча суусунун кандырган соң дароо эле курсагы ачканын сезип, эки жагын каранып тамак издеди. Караса, өзүнөн эки кадам төмөндө бир эшек суу ичип атат.

– Эмне үчүн сен дарыяны ылайлантып атасың? Сен менин табитимди буздуң! — деп карышкыр ачууланды.

– Мен ылдыйда сен өйдөдө турсаң, суу сен жактан мен жакка агып жатса сен ичкен сууну мен кантип булгамак элем? Андан көрө…

– Сен кайра мени менен айтышат экенсиң да ээ! — ыркыраган бөрү эшектин сөзүн чорт бөлүп кыйкырып, тиштерин ырсайтты.

– Андан көрө Каке, ар кайсыны айтып шылтоо издебей, өзүмдүн өлүмүм үчүн өзүмдү күнөөлүү кылбай эле, сени көргөндө табитим ачылып кетти, ошон үчүн сени жейм деп эле ачыгын айтпайсыңбы,- эшек дарыяга бой таштап, сууда сүзө албаган бөрүдөн качып кеткен экен.

Топ 10 популярдуу жомок

Ырдын атыLike саны
Алия менен жылкы66
Акылдуу балдар33
Кыска жана күлкүлүү жомоктор32
Көмөч нан (колобок) жомок28
Акылдуу кыз жомок26
Кырк калп жомок26
ЖАЛКОО25
Коён менен кирпи19
Жылдын төрт мезгили жөнүндө болумуш17
Карышкыр менен эчки16

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *