Датасы: 12.10.2020
Формат: mp3

Агарган таңда жел аргын аздан айдаган
Ак булут болуп бетиңден сылап өпсөмбү
Албырган жүзүң көздөрүң күлкү жайнаган
Таркатып кумар сагыныч менен көксөмдү

Кызарган күндө жылуулук бойго таратып
Күлмүңдөп турса үмүткө шоола жаратып
Сезилип турса өзүңдөн бийик махабат
Мен деле сүйөм сагынтып күтүп саматып

Мээбиреп турсам мээримин төгүп бүт аалам
Махабат отко жалындап мен да күйө алам
Сапарлап жаап бакыттын турса ак кары
От болуп куйуп мен деле билсең сүйө алам

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *