Тоодой жүк милдет мойнумда,
Толкундайм тоонун койнунда.
А бирок эркем өзүң жок,
А дагы түшүп оюма.
Деги, эми эмне кылам капырай,
Эсимден кетпей койдуң да.

Антарып тоодон кен издейм,
Ардагым менин деп издейм.
Аралап кайда жүрсөм да,
Алыста жүрген сени издейм.
Деги ак ниет менен күт жаным,
Ашыгым жалкоо дегизбейм.

Бүгүн бул бийик асканын,
Бүдөмүк сырын ачкамын.
А жаным эртең элдики.
Ошол күн менин шашканым.
Деги эмгекке ыктайт заманым,
Элимдин сендей жаштарын.

Алалбай бир иш жартылуу,
Кыйын иш мага тартылуу.
Кыдырып кайда жүрсөм да,
Кылыгың көзгө тартылуу.
Деги күтүп ал эркем ыр сунам,
Тоодогу толкун аркылуу.

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *