Датасы: 02.07.2022
Формат: mp3

Бүгүнкү күн эртеңкиге окшобойт
Өтсө өтөт убакыт эч токтобойт
Жакшыларым ар бир күндү майрамдай
Тосолучу бош койбой

Ачылат көктө асманың
Жайдары жүрсөң ар дайым
Коштосун ар бир күнүңдү
Баарыңа бакыт каалайын

Кайырма:

Жакшы күн жакшы күн
Бүгүн баарыбыз үчүн
Жакшы күн жакшы күн
Демек ойно ырда күл
Жакшы күн жакшы күн
Бүгүн бизде жакшы күн
Баардыгы эсте калчу күн

Күлкү менен нур чачырап жүзүңдөн
Бошот ичте мууң кайгыны түйүлгөн
Жакшыларын жакшылыктар уланып
Коп болсун күндөр сүйүнгөн
Кубанып жүздоштүк бүгүн
Шаттанып жайдары күлүп
Коштосун ар бир күнүңдү
Баарыңа бакыт каалайын

Один комментарий к “Гулнара Калдарова — Жакшы күн тексти”

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *