Датасы: 10.04.2020
Формат: mp3

Уйкуман серпилгенде алыс жактан,
Айылдын ак таңдары эске келет.
Жолунун боз чаңдары көздөн учуп,
Көңүлүм өскөн жерге имерилет.

Чыгыш жак ак шоокумдан көйнөк кийип,
Бетинде жылдыз өчөт бийик көктүн.
Апалар таңда туруп уй сааганда,
Желге ойноп жыты келет жылуу сүттүн.

Туулган жер, кудуретиң сагындырып,
Элесиң көз алдыма мелт-калт этет.
Айылыма өзүм жетпей, оюм жетип,
Yмүтүм закымдарга батып кетет.

Гульнур Сатылганова — Туулган жерди сагынуу клип

https://youtu.be/k-IvofYS8oQ

Гульнур Сатылганова — Туулган жерди сагынуу тексти: 21 комментарий

  1. Ырдын баштапкы текстинде мучулуштуктор бар.Кеч болсо да тексттин автору ондоп,тузотуулорду киргизсе, мындан дагы уккулукту ыр болот эле..!!

  2. ..серпилгенде эмес,- ойгонгондо..,..ак шокумдан эмес,-ак шооладан.., Бетинде жылдыз очот бийик коктун эмес,-.Агарып барган сайын жылдыз очуп..,кудретин эмес..,элестерин..,умутум эмес,- сагынчым..,-деген озгортуп , толуктоолорду киргизсе ото мазмунду ыр болот эле..!!

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *