Бул өмүр кандай
Булутсуз таңдай
Эх жашоо өзү
Эң ширин балдай
Жайнагың күлүп
Жарыкты сүйүп
Жаркыра тийип
Жанып күндөй бийик
Кайырма:
Бийле бийле бийлегиң
Капалыкты билбегиң
Суктанарлык карачы
Сулуулугун дүйнөнүн
Жаштыктын деми
Сенде бар өзү
Кейибей жаша
Кейибе эми
Санаага батпай
Сырыңды катпай
Өтөлү курбум
Өмүр багын барктай
Кайырма:
Бийле бийле бийлегиң
Капалыкты билбегиң
Суктанарлык карачы
Сулуулугун дүйнөнүн