Гүлнара Кахарова — Бир келип кетчи Ош жакка тексти

Көчүрүү (скачать)
1 чи Like басыңыз.

Саратан күчөп турганда,
Жамгырды чөлдөр күтүшөт.
Жаз келип сайран курганда,
Ак кууну көлдөр күтүшөт.
Кайырма:
Э-эй, жылмайып жүрөк эргиткен,
Жаныңдан өзүм, садага.
Күтүүсүз келген бакыттай,
Бир келип кетчи Ош жакка.
Суу болуп алып аксам деп,
Мөңгүлөр күндү күтүшөт.
Ааламга жарык чачсам деп,
Жылдыздар түндү күтүшөт.
Кайырма:
Азапка батты жүрөгүм,
Жолугар жомок күндү эңсеп.
Зарыгып күтүп жүрөмүн,
Сүйгөнүм, сендей жанды эңсеп.
Кайырма:
Эңсеген менин жазымсың,
Кел, жаным, көңүл ачылсын.
Ак куудай каалгып учайын,
Буулуккан черлер жазылсын.
Кайырма:

Топ 10 популярдуу ыр

Ырдын атыLike саны
Саламат Садыкова. Кыргыз жери тексти жана mp3982
Сайкал Садыбакасова - Мугалим тексти345
Гульнур Сатылганова - Туулган жерди сагынуу тексти192
Султан Садыралиев - Адамга адам керек тексти166
Бекжан Темирхан - Эзилип буттум тексти141
Мирлан Баеков - Оксук ыры тексти135
Жан Сабыров — Жаным сен101
Данияр Эрматов - Мен кыргызмын тексти100
Эрлан Андашев — Өкүнбө тексти100
Улан Осмон уулу - ДОКЕ тексти92

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт.