Жүрөмүн селки муңдана
Жүлүндө бардай бир жара
Жүрөгүм калсын сүйүнүп
Жүзүңдү бурчу Гүлнара

Көрмөксөн болбой тим гана,
Көз отун менен бир кара.
Көбөйгөн жалын азайсын,
Көз кырың салчы Гулнара.

Табамбы десем үйүңдөн,
Таалайым сен деп сүйүүдөн.
Тан сүрө иштеп жүрүпсүң,
Тагынып талаа гүлүнөн.

Жолуңду тосуп жүгүрөм,
Жооп угуп качан сүйүнөм.
Тамшантып колго тийбеген,
Талаанын эрке гүлү сен.

Сүйөмүн деген бир бала,
Сүйүүсүн айтат жалбара.
Сүрдөймүн тике караштан.
Сүйүнтүп койчу Гүлнара!

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *