Датасы: 27.05.2024
Формат: mp3

Бар дүйнөнүн баарынан качып
Баратамын өзүңө шашып
Тосуп алчы кучагың ачып
Апа сени көргөнү келдим

Бүтпөйт экен тирүүлүктө иш
Көздү жумуп ачкыча күз кыш
Мээримиңе миң ирет алкыш
Апа сени көргөнү келдим
Апа апа апа сени көргөнү келдим

Бул өмүрдө баарысы жалган
Жүз каалоонун токсону арман
Менде убакыт сенде жок дарман
Апа сени көргөнү келдим

Түйшүк тартпа керек эмес чай
Өзүң барда көңүлдө жаз жай
Кызың чексиз бактылуу да бай
Апа сени көргөнү келдим
Апа апа апа сени көргөнү келдим

Жолум тосуп кел кызым дейсиң
Жакшыларга эл болгун дейсиң
Акылманым көлдөй го пейилиң
Апа сени көргөнү келдим

Сен гүлзарым сенсиң жакыным
Күндө келүү парзым асылым
Башымды ийип таазим кыламын
Апа сени көргөнү келдим
Апа апа апа сени көргөнү келдим
Апа апа апа сени көргөнү келдим

Один комментарий к “Гүльназ Чыныбек кызы — Апа, сени көргөнү келдим тексти”

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *