Датасы: 25.07.2020
Формат: mp3

Күн дагы бүркөлдү
Адамдын кабагындай
Турмушуң үзүлөр
Алманын сабагындай
Кыргызым ыйлаба
Күн тиер сага да.
Намыстуу эр чыгат
Буйруса бактыңа

Кайырма:
Ыйлаба кыргызым
Бөксөрбөйт ырысың
Азап күндөн алып чыгат
Буйруса уул-кызың

Базарда көр турмуш
Кыйналдың сен бир укмуш
Күдөрүң үзбөчү
Болоор чоң бурулуш

Кайырма:
Ыйлаба кыргызым
Кемибейт ырысың
Азап күндөн алып чыгат
Буйруса уул-кызың

Демиңе дем берем
Мукамдуу ыр менен
Тирүүлүк өңүмдө
Жашаймын эл менен
Элимдин ырысын
Кемиткен адамдар
Оо дүйнөгө барганда
Бир кудай жазалаар
Тийбечи суранам
Элимдин нанына
Убалы кыргыздын
Уктатпайт сени да

Кайырма

Гүлназ Чыныбек кызы — Ыйлаба, Кыргызым! тексти: 2 комментарий

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *