Датасы: 29.10.2020
Формат: mp3

Жылдар учуп жайлоого
Чоң тектирге конобуз
Ошол бойдон кышка чейин
Кой артында болобуз
Көчүп келип жаңыдан
Бизге болдуң кошуна
Алты канат үй тигип
Чоң тектирдин боорунан

Козу улагын мааратып
Күндо айдайсың кыр ашып
Айдай жүзүң келишкен эй
Оо алтыным бел ашып
Айбике Айбике
Кой кайтарсак биз бирге
Мүчө бойуң топ келишкен
Жар болосуң сен кимге
Асылым Айбике
Сени бербей эч кимге

Ай толгондо жайлоодо
Биз ак чөлмөк ойнойбуз
Топ жигиттер кызыгышып
Дидаарыңа тойбойбуз
Ак көйнөгүң желбирейт
Жорголотуп ат минсең
Айдын сулуу кызы беле
Чабан кызы Айбике


Гүлжигит Сатыбеков — Айбийке тексти: 2 комментарий

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *