Датасы: 11.09.2021
Формат: mp3

Жаштыктын карылыгы кыркың экен
Жаштыгы карылыктын элүүң экен
Бирөөнүн аманаты кызың экен
Кайтарып алганыңды берүү экен

Кайырма :

Чын эле ушу жашоо кызык экен
Ырыскыңды бир өмүр терүү экен
Көрсөтпөй көз жашымды күлүп алып
Дем берип өзүмдү өзүм сүүрөп алып
Жашаймын эл ичинде көп ичинде
Тагдырдын сыноолорун жиреп алып
Ойуңда ала куржун илип алып

Жоготсом үй-бүлөмдү бала калат
А бирок сүйүшкөндөр кайда калат
Ойлосом өткөндөрдү жаш айланат
Сүйүнсөм келечекке баш айланат

Кайырма:

Чын эле ушу жашоо сыноо экен
Навсиңди жеңип турсаң атаганат
Көрсөтпөй капалыгыңды күлүп алып
Батырып бүт ааламды сүйүп алып
Жашай бер эл ичинде көп ичинде
Көңүлгө жакшы ниет түйүп алып
Эртенки келечектен үмүт алып

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *