Датасы: 16.10.2020
Формат: mp3

Күтөм деген сөзүң гана
Түбөлүккө сен башкага
Болдүңбу эми келинчек
Жодураган көзүң гана
Убадаңды бердиң мага
Ойлодуңбу мени келинчек

Келинчек жаш келинчек
Жарың менен теп селкинчек
Жүрөгүңдө арман толо
Ойной албайм мен сенчилеп

Келинчек жаш келинчек
Жарың менен теп селкинчек
Жараладың жүрөгүмдү
Дале үзбөйм күдөрүмдү
Сезесиңби эй келинчек
Ак жоолугуңду баштан алып
Махабатты ырга салып
Келесиңби ай келинчек
Сууну бойлоп күлүп ойноп
Жүрөлүчү эй келинчек
Сен алдаба муунга салба
Жүрөгүмдү эй келинчек

Айлуу түнгө чакырайын
Арманымды мен айтайын
Жолугалы эй келинчек
Айды карап жылдыз санап
Отуралы ай келинчек

Келинчек жаш келинчек
Жарың менен теп селкинчек
Жүрөгүмдө күйүт толо
Ойной албайм мен синчилеп


Один комментарий к “Гүлжигит Сатыбеков — Келинчек тексти”

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *