Датасы: 16.08.2020
Формат: mp3

Билем жаным, таарынасың мага дайым,
Айтпасаң да, көздөрүңдөн туям баарын.
Билген жоксуң жүрөгүмдүн эзилгенин,
Жалгыз сага жан дүйнөмдүн ийилгенин.
Мейли кеттиң, коштошбодуң, кош дебедиң,
Түшүнбөймүн, тарынычың не себебин.
Сезген жоксуң жүрөгүмдүн оорууганын,
Сезимдердин тоо гүлүндөй соолуганын.
Төгөт жамгыр, коштошуунун көз жашыдыр,
Кеч болсо да, калыстыгын кылар тагдыр.
Билген жоксуң жүрөгүмдүн эзилгенин,
Аста басып, кете бердиң, кете бердиң.

Гүлжигит Сатыбеков — Коштошуу тексти: 6 комментарий

  1. Гулжигиттин ырын бузуп ырдабагылачы озу ырдасын аябай бузулуп калыптыр

  2. Гулжигит байкенин ыры аябай жагат бирок озу ырдасын

  3. Менин жердешим аябай жагат ушул ыры

    1. Гулжигит Сатыбековдун ырдары да мимикалары да жагат Азамат жигит

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *