Датасы: 01.09.2020
Формат: mp3

Жаралдың кайдан өмүргө,
Жараткан барбы көңүлдө.
Тирүүлүк жолун улаган,
Ырдайлы өмүр чөлүндө.

Төгүлбө өмүр төгүлбө,
Ар күнү ойно төрүмдө.
Жүз жылга жете жашайлы,
Буюрсун аны көрүүгө.

Кайырма:

Жакшыдан жашыл бак калып
Жамандан жүрөк так калып
Мезгилдин улам төрүнө
Барабыз чогу акканы

Жараткан берген белеги
Денеме өмүр шериги
Сен барда жыргап жашайлы
Бир күнү таштап кетериң

Мезгилиң жетсе кезекке
Турарсың бир күн бекетте
Берген го өтө жакшылык
Өмүргө ошол береке

Гүлжигит Сатыбеков — Өмүр тексти: 3 комментарий

  1. Ооба аябай жагат кандай деги эле Гулжигиттин бардык ырлары сонун маанилуу уккулуктуу

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *