Датасы: 05.10.2021
Формат: mp3

Капыстан тойго барып
Караштык каректи алып
Башкача мен
Периште көрүнөт
Нур болуп төгүлөт
Жашыбыз жашташ эле
Көргөндөр кыйбаган
Сыңынан сынбаган
Сымбатым башкача эле

Уланып үлпөт майрам
Кечебиз кызып калган
Тойлодукпу
Кете албай байланам
Кайра эле кадалам
Тиктешип тойбодукбу
Эркимди жеңе албай
Ээрчишип кете албай
Жаштыктан мокудукбу

Көдөндө калды жалын
Көрүшсөк кайра дагы
Самадыкбы
Той менен коштогон
А бирок кошпогон
Карачы аралыкты
Айталбай сөз менен
Сүйлөшүп көз менен
Сүйүүдө жашадыкбы
Жүрөктө чок калып
Сүйлөшкөн көз калып
Сүйүүшүп тарадыкбы
Сүйүүдө жашадыкбы

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *