Датасы: 27.09.2020
Формат: mp3

Кайнилерге азил айткан жеңелер
Суранайын бүгүн ырдап берсеңер
Кел жеңелер чогу ырдап бийлейли
Кызганбаса биздин акелер

Ай жеңеке кадырыңыз чал болсун
Ичкениңиз Памир чай болсун
Келечекте балдарыңыз мингени
Жоргологон кашка тай болсун

Тамашакөй шайыр мүнөз жеңелер
Качан болсо эрмек болот кайниңер
Ыраазымын чын жүрөктөн баарыңа
Ыза кылып тергеп келдиңер

Ай жеңеке кадырыңыз чал болсун
Көңүлдөрдө шаттык жаз болсун
Айттырбастан конок келсе үйүңө
Тамак эмес кабак каш болсун

Бактыңарга аман болсун акелер
Жашагыла чогу карып жеңелер
Жамандыктар бизден кетип алыска
Кайгы капа убай жебеңер

Один комментарий к “Гүлжигит Сатыбеков — Жеңелер тексти”

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *