Бир жолу чыгырык жип менен ийне:

– Тигүү ишинде ким негизги?- деп талашып кетишиптир.

Чыгырык жип мындай дептир:

– Кийим тигилип жатканда менсиз кездемелер бирикпейт, андыктан тигүү ишинде эң негизги каражат менмин!

Ийне дагы өзүнүкүн бергиси келбей:

– Менин учтуулугум жана курчтугумсуз сен кантип кездемелерди тешип өтүп, аларды бириктирип, кандай кылып тикмек элең, мени сайып тартканда сен артымдан ээрчип чубаласың, ошон үчүн мен негизгимин, – деп тигүүдөгү өз кызматын мактаптыр.

– Учтуу болсоң эмне экен! Ал менин ийкемдүүлүгүм менен узундугумдун жанында кеп да болбой калат. Анын үстүнө биз жиптер түркүн-түстүү болобуз, көйнөктү көз талдыра каратып кооздой алабыз. Ал эми сенин сайгылаганың көйнөктүн көркүн бузуп, тешкилеп салат, — деди чыгырык жип чебеленип, ары-бери тегеренип.

Муну укканда ийненин жини келип, баардык күчү менен чыгырык жипти сайып жиберсе, катуу оорудан кыйкырып жиберген жип дагы жөн калбай өзүн-өзү чубап, ийнени ороп-матап кармоого күч үрөдү. Ийне болсо ага катуу каршылык көргөзүп, сайгылап жатты.

Мындан улам үй ичинде ызы-чуу көтөрүлүп, бейкуттук бузулду. Идиш-аяк жыйылган сервант шалдырап, үстөл үстүндөгү буюмдар башаламан түшүп ары-бери качып, тигүү машинеси аларды үрөйү уча карап турду. Ошентип ийне менен жип ошол күнү кечке урушушту, кечээ эле чогуу-чаран ынтымактуу иштеп жүргөн алар душманга айланып, бири-бирин жеп жиберчүдөй абалга жетишти. Бул жоолашуу канчага чейин уланат эле ким билет, эгер адам келип ишке киришип, кийим тигип баштабаса. Ал ийнени колуна алып, экинчи колу менен жиптин учун анын көзүнөн өткөрүп саптады да мындай деди:

– Биринчиликти талашып урушпагыла, силер экөөңөр тең абдан баалуу да, маанилүү да буюмсуңар, бирок тигүү ишинде бири-бириңсиз эч нерсе эмессиңер, бириңер эле болбой калсаңар эч кандай кийим тигилбейт, кездемелер бирикпейт.

– Балдар, силер дагы бул жашоодо кандайдыр бир артыкчылыктарга, өзгөчөлүктөргө ээ болсоңор дагы аныңарды колдонуп башкаларды басмырлабагыла. Бөлөктөрдүн да өзүңдөн өйдө турган жактары бар экенин унутпагыла. Адамдар, өзгөчө достор ийне менен жип сыяктуу бири-бирисиз максаттарына жетишпесин түшүнгүлө.

Топ 10 популярдуу жомок

Ырдын атыLike саны
БУГУ ЭНЕ(«Ак кеме» повестинен үзүндү)99
Алия менен жылкы57
Карышкыр менен эчки43
Карышкыр жана жети улак34
Акылдуу балдар29
Көмөч нан (колобок) жомок28
ЖАЛКОО21
Коён менен кирпи20
Кыска жана күлкүлүү жомоктор20
Акылдуу кыз жомок17

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *