Датасы: 29.10.2020
Формат: mp3

Жумшак жамгыр дыбырап,
Кулакка шыбырап,
Ырдасаң кошулат.
Ыр мукамдуу ырдалып,
Бак-дарак ыргалып,
Жалбырак — музыкант…
Кайырма:
Биз ойногон гүл бакча,
Болду экен кай жакта?
Мен издеп барайын.
Ал түшүмдөгү пери,
Жашаса дүйнөдө,
Мен издеп табайын.
Тамчылары шылдырап,
Көздөрү кылгырат,
Жамгыр да ыр курат.
Тереземди черткилеп,
Эшикти тепкилеп,
Шамал да жулкунат.
Кайырма:
Талашы бар, сыйы бар,
Тамаша-чыны бар,
Бул менин кыялым.
Ысыгы бар, музу бар,
Көңүлүм кааласа,
Мен кантип тыямын?..
Кайырма:

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *