Сезим талды, көңүл тойду,
Ойлонгон ойлорду тагдыр жеңип койду.
Алдырбаска айла барбы?
Артыңда ырга айланткан арман калды.
Кайырма:
Мен барда каткырып күлгөн ай жүзүңдөн,
Көрө алдым жалгыз арманды күйүтүнөн.
Карагым, саналуу беле сапарыбыз?
Салтыңа таарындым, тагдыр, калдым жалгыз.
Бактың билем байлап берген,
Бапестеп барктап ал, досум, бакыт тилейм
Ажары белең арнап келген?
Акылым жетсе да алсыз, издеп келем.
Кайырма
Ирлан Таалайбеков — Тагдыр тексти
Датасы: 09.10.2020 Көрүүлөр: 522