Иса Өмүркулов — Жалгыздыктан тажап бүттүм тексти

Көчүрүү (скачать)
1 чи Like басыңыз.

Жамалы белең берметтин,
Жабыркап жүрөк дегдеттим.
Кароосуз калган кайыктай,
Кайыр кош, жаным, сен кеттиң.

Кайырма:
Карап, карап
Кайрадан сени самап,
Күттүм (4 жолу).
Жалжалым,
Жалгыздыктан тажап бүттүм. (4 жолу)

Көпөлөк гүлгө коно албай,
Көңүлүм сыздап толо албай.
Серпилип жүрөк кыйналды,
Сендейлер сендей боло албай.

Кайырма:

Кош дегим келбейт, кош дегим,
Козгобо, бөлөк жок кебим.
Кайгырсам жалгыз, аргам жок,
Кош дешер жарым жок менин.

Кайырма:

Топ 10 популярдуу ыр

Ырдын атыLike саны
Нурлан Насип - Эне тилде сүйлөйлү тексти1616
Бекжан Темирхан - Эзилип буттум тексти276
Султан Садыралиев - Адамга адам керек тексти187
Гульнур Сатылганова - Туулган жерди сагынуу тексти121
Алмаз Шаадаев - Айрылып кеттин алыска тексти117
Сайкал Садыбакасова - Мугалим тексти104
Улан Осмон уулу - ДОКЕ тексти92
Нурлан Насип - Токтогулга кетесиңби тексти82
Султан Садыралиев - Күнөөмдү кечир, Алла тексти76
Кызсайкал Кабылова - Атыныз жашайт тексти69

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт.