Жарыктык бир ит болуптур. Бир күнү ал сейилдеп келмекке тоого жөнөй. Ал жактан бугулардын жарышып мелдешкенин көрүп, тып токтойт. Оозу ачылат. Караса, бугулардын жүгүргөнү укмуш турбайбы. Ичи күйдү иттин!

Карап турду, карап турду, акыры кармана албай: ал да тигилер менен кошо жарышты. Бирок бугулар учат экен, ит караандай турган эмес. Жарышкан сайын артта кала берди. Күйбөгөн жери күл болду. Суктанды тигилерге. Өзүнөн өзү уялды. Арийне, жүгүрө берсем: аракеттен берекет болор деп үмүт артты. Мен да бугудан калбаган күлүк болуп чыгам деди.

Деди да бугулардын эркечине[1] кайрылып, ылдам жүгүрүүнү үйрөнмөк болду:

– Э тууганым, – деди жалбара, – силердин жүгүргөнүңөр мага абыдан жагып калды. Мен да силер менен кошо жарыштым эле, бирок чаңыңарда калдым. Кагылып кетейин, бугу, ылдам жүгүргөндүн сыры эмнеде, айтчы?! Мен да үйрөнсөм болобу?

Муну уккан бугу тимеле дардайып калды. Кеңкейди, бирок итке кантип кеңеш беришти билбеди. Ойлонду. Көпкө ойлонду. Таппады. Анан окус, иттин куйругуна көзү кадалды.

– Ие, балакет кайда экенине акылым эми жетти! — деди бугунун көздөрү чекчейип. – Кеп сенин куйругуңда жаткан турбайбы! Эгер ушунуң жок болгондо, сен деле биздей зуулдамаксың.

Ит бугунун куйругун караса, чын эле тигиники мулуюп турат. Бугунун эркечи айткан кеңешке ишенди. «Йе, таппасаң кашайып кал» деген итиң ит экен ошондо! Өз куйругун өзү тиштеп жулуп алды.

Бирок мына шул жерден ит ит эле болбоспу. Куйругу жок чуркаганы – мурдагысынан бешбетер артта калтырды. Ал ошондо эмнеге түшүндү дебейсиңерби… Көрсө, бирөөнүн айтканын сокур ээрчибеш керек турбайбы. Канткен менен ит ит бойдон, бугу бугу бойдон жашашы керек экен.

Топ 10 популярдуу жомок

Ырдын атыLike саны
БУГУ ЭНЕ(«Ак кеме» повестинен үзүндү)81
Карышкыр менен эчки45
Алия менен жылкы44
Карышкыр жана жети улак37
Акылдуу балдар31
Акылдуу кыз жомок27
Кыска жана күлкүлүү жомоктор25
Нооруз жөнүндө жомок17
Акылдуу кыз16
Көмөч нан (колобок) жомок16

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *