ГҮЛ ЧЕЛЕКТЕ ӨСКӨН КЫЗ

Бар экен, жок экен бир аялы менен күйөсү жашаган экен. Аларда баары жакшы болгону менен бир гана балалуу боло алышпаптыр. Кайсы бир кечте аялы терең үшкүрүнүп:

– Кудайым бизге бала бербесе да, жок дегенде эрмектеп бакканга гүл челеги менен гүл берип койсо боло,- деп оозун жыйганча терезеге бир кичинекей гүлү менен гүл челек туруп калат. Алгач чочуп кеткени менен аял таңгалып, анан кубанычы койнуна батпай сүйүнөт.

Читать далее ГҮЛ ЧЕЛЕКТЕ ӨСКӨН КЫЗ

ГАНДЗИРРИ КӨЛҮ

Мессина жерине бир бай келиптир. Ал ушунчалык бай экен, өзүнүн канча байлыгы бар экенин да билбептир. Ал жерден Гандзирри көлүнө сейилдеп чыгат да анын сулуулугуна өтө суктанып, жактырып калат. Эми байлардын бирдемеге кызыкса  аны сатып алгысы келген жаман адаттары бар эмеспи. Сураштыра баштайт:

— Бул көл кимдики?

— Королдуку да, — деп жооп беришет ага.

Бай түз эле королго барат.

Читать далее ГАНДЗИРРИ КӨЛҮ