Бар экен, жок экен бир аялы менен күйөсү жашаган экен. Аларда баары жакшы болгону менен бир гана балалуу боло алышпаптыр. Кайсы бир кечте аялы терең үшкүрүнүп:

– Кудайым бизге бала бербесе да, жок дегенде эрмектеп бакканга гүл челеги менен гүл берип койсо боло,- деп оозун жыйганча терезеге бир кичинекей гүлү менен гүл челек туруп калат. Алгач чочуп кеткени менен аял таңгалып, анан кубанычы койнуна батпай сүйүнөт.

Ошентип күндөр өтөт, жылдар жылат. Баягы табышмактуу жол менен пайда болгон гүл бапестелип багылгандыктан тезден өсө баштайт. Аны менен кошо гүл челек да чоңойо берет. Акыры гүл адам бою өсүп, гүл челек казандай болуп чоңоюп, терезе текчесине батпай жерге коюлат. Ошентсе да гүл терезе менен бир болуп, көз жоосун алып, ого бетер ажайып кооз кереметке айланып чыга келет.  Бир жолу көчөдөн өтүп бараткан канзааданын бул керемет гүлгө көзү түшүп жактырып калат. Өлкөсүндөгү көзү түшкөндүн баарын алып көнүп калган ал дароо эле терезеге бастырып келип тыкылдатып, баш баккан аялга кайрылат:

– Эжеке, гүлүңүз мага жагып калды. Мага сатыңыз, сураганыңызды берем.

Тырмактайынан бери бапестеп баккан гүлүн кыя албай, пайдага да туйтунгусу келип, анан канзааданын шагын сындыргысы келбей жүз миңдеген акчага гүлдү сатып жиберет аял. Канзаада гүлдү өз бөлмөсүнүн терезесине коюп, эртели-кеч өз колу менен суу куюп, гүл болсо да адамга мамиле кылгандай мамиле кылып, бапестеп бага баштайт.

Канзаада кечки тамакты өзү жалгыз жегенди жакшы көрчү экен. Бөлмөсүнө бул гүл пайда болгондон баштап ал тамакты эки адамга даярдатып, бирин жеп экинчиси ошол бойдон калтырып жүрдү. Бир кечте тамактанган соң кыйшайган боюнча катуу уктап калды. Анын башында чырак, аягында шам күйүп турчу. Ошентип уктап кетип эртең менен ойгонгон канзаада бөлмөсүнө көз жүгүртүп, аябай таңгалат. Анткени башындагы чырак менен аягындагы шам алмашып калганы аз келгенсип, дасторкондогу экинчи жок кишиге арналган тамак желип калыптыр. Бирөө кирип ушинтип кетти дейин десе эшик бек.

Ошондон соң ушундай көрүнүш үч жолу кайталангандан кийин канзаада бөлмөсүндө болуп жаткан табышмактуу кубулушту изилдемекчи болуп, уктамыш болуп жата берди. Бир кезде терезеде турган гүл жанданып, ал дароо ай десе айдай, күн десе күндөй сулуу кызга айланып, үстөлгө отуруп тамактанып, эми гана чыракты алып, аны шам менен алмаштырмак болгондо канзаада аны билектен алып кармап алып, ким экенин сураганда кыз башка сөз айтпастан мындай дейт:

– Адамдардан кызга айланганымды сен биринчи көрдүң, демек, мен сеникимин, бирок мени сен эч кимге көргөзө көрбө…

– Болуптур, сен айткандай болсун,- деп макул болуп, экөө бирге жашай башташты.

Ошондон бир нече ай өткөндөн кийин согуш чыгып, ага канзаада атасы менен бирге аттанып кетет. Аттанып баратып ал кызга согуштан өзү үчүн аман келүүнү убадалап, анан аны апасына:

– Эртең менен кечинде гүлгө суу куйуңуз, түнкүсүн бөлмөгө бир кишилик тамак коюңуз, анын эшиги дайыма бекитилүү болсун,- деп тапшырып кетет.

Канзаада ажайып гүлгө жолуга электен мурда анын ата-энеси вазирдин кызына сөйкө салып, кудалашып коюшкан эле. Бул эки жаш ысык мамиледе болуп, ортолорунда ынактык бар болучу, келечекти да бирге болжоп жүрүшчү. Бирок канзаада ажайып гүл менен тымызын жашай баштагандан кийин болочок колуктусуна муздак мамиле кылып, аябай өзгөрүп кеткен экен.

Канзаада согушка кеткенден кийин алиги вазирдин кызы апасын ээрчип алып бир күнү канышага келишет. Ар кайсыны айтып тамактанган соң, алар кансарай ичинде ары-бери басып, эми сыртка чыгарда вазирдин кызы канышадан суранат:

– Канышам, уулуңузду көптөн бери көрө элекмин, жок дегенде анын бөлмөсүнө бир көз сала кетейин дедим эле.

– Анын бөлмөсүн караганда эмне чыгат?- деп алгач көрсөткүсү келбегени менен кайра: — Мейли, көрсөң көрчү,- деп бөлмөнү ачтырат.

Каалга ачылары менен баш баккан вазирдин кызы терезеде турган абдан кооз гүлдүн кыздай назик, сулуулугу көз талдырып караткыдай ажайып экенин байкап, мурда канзаада мындай гүлсүз эле жашап жүргөнүн эстеп, кандайдыр шектенип, кызганычы күчөп чыгат. Анан ал заматта жетип барып гүлдү жерден так көтөрүп, ачык турган терезеден ыргытып жиберет. Ошентип экинчи кабаттан кулаган гүл жерге жеткиче эле жарк эте нурга айланып, көздөн кайым болот. Анткени аны күнүгө карап суктанган Күн өлүмгө ыраа көрбөй нуру менен жерге түшүрбөстөн, ушинтип өзүнө тартып кеткен эле.

Көп өтпөй кан менен канзаада жеңишке жетип, согуштан кайтып келишет. Канзаада энеси менен учурашкан соң өз бөлмөсүнө чыгып караса, гүлдөн дайын жок. Башка чокмор менен бирди жегендей сендиректеп токтогон ал кайра артына чуркап апасынан сурайт. Ал гүлдүн өзүнөн өзү жоголуп кеткенин айтып, бөлмөсү дайыма бек турганын, өзүнүн көзү жокто эч ким кирбегенин, бир жолу гана колуктусу баш бакканын билдирет.

Ошондо гана эмне болгонун, бул иш вазирдин кызынын колунан келгенин, орду толгус өксүккө учураганын түшүнүп, тетигил согушта албаган жараатты өз бөлмөсүнөн алгансып, дароо төшөгүнө бой таштап, кайгырып жатып калат. Апасынан башка эч кимди көргүсү келбей кызын ээрчитип учурашканы келген болочок кайната, кайненесин да кабыл албайт.

Ал эми гүл челектен өсүп чыгып, эми Күндүкүндө жашап калган кыз андан дайыма эле минтип сурай берет:

– Жерде канзаада кандай жашап жүрөт? Ал согуштан үйүнө кайтып келдиби?

– Жок, ал аман болгону менен үйүнө кайтып келе элек. Меникинде беймарал жашай бер,- деп Күн дайыма жооп берчү. Бирок бир жолу анын оозунан башкача сөз чыгып:  – Сенин канзаадаң согуштан кайтып келди. Бирок ошол бойдон сыртка чыкпагандыктан аны көрө элекмин. Ооруп калса керек, кансарайга дарыгерлер, табыптар толуп кетти. Алар канзааданы сакайта алышпай, айлаларын таппай карбаластап жүрүшкөнсүйт,- деди Күн.

– Жаркын Күнүм,- деп жалынып жиберди ага кыз.- Эртең менен эрте ааламды жарык кылганы асманга чыкканыңда мени да алып алчы. Анткени мен канзааданы сактап калышым керек. Күмүш нуруңду анын терезесине жиберип койсоң эле болду. Мен аны менен чуркап түшүп, канзааданын бөлмөсүнө кирип барам.

Кызды жакшы көргөн Күн анын айтканын айткандай аткарып, эртеси таң заарда күндүн алгачкы нурлары менен бирге заматта эле кыз канзааданын бөлмөсүндө болуп калды. Ошентип уктап жатып да бөлмөсү жарк этип нурлана түшкөнүн байкаган канзаада көзүн ача берип, терезеде турган гүлдү көрөрү менен сулуу кызга айланып өзүнө бой таштады.

Ошол эле күнү экөө үйлөнүү үлпөт тойлорун майрамдашып, түбөлүккө кол кармашып ынтымактуу жашап калышты. Ал эми карасанатайлык кылган вазирдин кызын эне-атасына кошуп шаардан айдап чыгышты.

Топ 10 популярдуу жомок

Ырдын атыLike саны
БУГУ ЭНЕ(«Ак кеме» повестинен үзүндү)99
Алия менен жылкы57
Карышкыр менен эчки43
Карышкыр жана жети улак34
Акылдуу балдар30
Көмөч нан (колобок) жомок28
ЖАЛКОО21
Кыска жана күлкүлүү жомоктор21
Коён менен кирпи20
Акылдуу кыз жомок17

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *