Жыпарын бүркүп гүлдөрдүн,
Жел келсе шибер ыргаган.
Жыргалга бөлөп сезимди,
Yнүңдү уксам ырдаган.
Колуңа гүлдөн дестелеп,
Көрүнө калсаң жылгадан.
Кайырма:
Ээ-эй, көбүртүп булак толкунун,
Оо-ой, акагы акса шыңгырап.
Билдирип жайлоо шоокумун,
Сайраса торгой күү курап.
Акырын сылап чачымдан,
Ардагым десең эркелеп.
Жылмая карап сүйкүмдүү,
Жылкыга кетсем эртелеп.
Боз жорго минип келатсам,
Алдымдан чыксаң энтелеп.
Кайырма:
Ээ-эй, кызарса булут сүрүлүп,
Оо-ой, кызылгат бышса күбүлүп.
Көөнөрбөс жашыл өзөндөн,
Көбүргөн терсек, кымыздык терсек,
Кымыздык терсек жүгүрүп.
Чачылып жатса шүүдүрүм,
Ак бермет болуп көктөмдө.
Эрксизден мөлт деп төгүлсө,
Экөөбүз басып өткөндө.
Көңүлдү жүрөк эргитип,
Күн нуру беттен өпкөндө.
Кайырма:
Ээ-эй, ак жамгыр төксө шорголоп,
Оо-ой, арчага келсек корголоп.
Кекилик учпай жем издеп,
Азгырса бизди жорголоп.
Кадыралы Артыков — Кыялдануу тексти
Датасы: 28.10.2020 Көрүүлөр: 14750
Саламатсызбы. Үчүнчү кайырманын алдында — «Көңүлдү жүрсөк сергитип, …