Кайрат Примбердиев — Ойлон элим тексти

Көчүрүү (скачать)
1 чи Like басыңыз.

Бул дүйнөгө кимдер гана кимдер келип кетпеген,
Татаал мезгил таразасына кимдер гана түшпөгөн.
Калың журтту канжалатып хандар өткөн дүйнөдөн,
Кара жондон камчы кетпей, кулдар өткөн дүйнөдөн.

Көргөн жанды адаштырган сулуу өткөн дүйнөдөн,
Эки элди чабыштырган уруу өткөн дүйнөдөн.
Сыноо үчүн жаралганбыз (оо,бурадар дүйнөдөн???)
Бирде ылдый, бирде өйдө жалган экен бул дүйнө,

Алла сөзүн даңазалап, пайгамбарлар жашаган,
Оо адамзат, акыл берчи, Алла берсин жараткан.
Жаратканды дайым даңктап, кечирим тап намаздан,
Ууру кылбай, ушак айтпай, алыс болгун жалгандан.

Алакандай кыргыз элим алты санга бөлүндү,
Түндүк, Түштүк деген сөздөр эл ичинде көбөйдү.
Ынтымагы бар эл болсо ырысы бар элдин,
Бөлүнбөстөн бирге болсок, келечеги кең элдин.

Кыздарыбыз намыстанбай, дене саткан күн келди,
Арак ичкен, кыргыз уулу жерде жаткан күн келди.
Эртеңибиз кандай болот, ойлон элим, ойлончу,
Ыйман менен жүрөк толук ойгон элим, ойгончу.

Алла, кечиргин менин күнөөлөрүмдү, Алла,
Ыйманга толтурчу жүрөгүмдү Алла (2 жолу).

Топ 10 популярдуу ыр

Ырдын атыLike саны
Нурлан Насип - Эне тилде сүйлөйлү тексти346
Бекжан Темирхан - Эзилип буттум тексти344
Султан Садыралиев - Адамга адам керек тексти202
Мирлан Баеков - Оксук ыры тексти103
Алмаз Шаадаев - Айрылып кеттин алыска тексти95
Султан Садыралиев - Күнөөмдү кечир, Алла тексти67
Сыймык Бейшекеев - Таарынба тексти67
Айганыш Абдиева — Коё бер тексти66
Зарлык Камбаралиев, Айганыш Абдиева - Сен менде ганасын тексти63
Кызсайкал Кабылова - Атыныз жашайт тексти63

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт.