Жанымдын жартысы сен
Канымдын тамчысы сен
Жалооруп жалынарым
Бакыттын ачкычы сен
Жарыгым ак шооладай
Жаз гүлү ачылгандай
Сен күлүп ойноп турсаң
Ырыс кут чачылгандай
Далайга чөмүлгөндөй
Күн нуру төгүлгөндөй
Өмүрүм нурга айланып
Үмүтүм төгүлгөндөй
Ханышам кичинекей
Тарыхта дарегимдей
Аруузат периштемсиң
Аялуу карегимдей