Датасы: 22.04.2025
Формат: mp3

Кыздарга асемдик жарашабы
Ай көркү бийиктерде ала салып
Болбосо сулуу кыз, аруу Айым
Табышып теңи менен баратканы

Өрүмтал, көркөм сулуу көзүн
Көргөндө кайран көз күйөрүү чын
Миң акын ырдаса тил жетпеген
Бул кыздар жаралган тек
Бул кыздар жаралган тек — Сүйүү үчүн

Канбастыр кумарың бааласаң да
Сулуунун ар кылыгын карасаң да
Жердеги арууга жетээр эмес
Асмандын миң жылдызын санасаң да

Жетелеп жүрөктү нурлуу үмүткө
Жетелеп үмүттү миң күйүткө
Жомоктой кыялдан жаратылган
Кыз аруу калар ошол, аруу кыз калар дайым бийиктикте

Балкытып баарысын тамашага
Бакыты от башына баратканы
Тирүүлүк — өмүрү урпак деген
Арууга эне болуу жарашканы

Кайырма:
Көктөгү ай-күндөй карап турган
Кыз десе дүнүйө, талаа туңган
Калкымдын, намысы, аруу кыздар
Гүл-Күндөй таза нурдан
Гүл-Күндөй таза нурдан жаратылган

Көктөгү ай-күндөй карап турган
Кыз десе дүнүйө, талаа туңган
Кыргыздын, намысы, аруу кыздар
Эч өлбөс арман ырдан
Миң өлбөс заман ырдан жаратылган

Бул кыздар жаралган тек
Бул кыздар жаралган тек — Сүйүү үчүн

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *