Анда уккула балдарым! Качандыр бир бай адам жашаптыр. Анын үч кызы бар экен. Бир күнү ал кыздары өзүн кандай сүйөрүн билмекчи  болот. А дегенде улуу кызынан сурайт:

– Айтчы кызым, сен мени кандай сүйөсүң?

– Өз өмүрүмдү сүйгөндөй сүйөм!

– Бул жакшы,– бай ортончу кызынан сурайт:

– Сен мени кандай жакшы көрөсүң, кызым?

– Бүткүл ааламдан сизди гана сүйөм!

– Бул эң жакшы, – деген бай кенже кызынан сурайт:

– А сен мени кандай көрөсүң, кызым?

– Мен сени эт тузду кандай сүйсө ошондой сүйөм.

Буга бай аябай ачууланат:

– Демек, сен мен сүйбөйт экенсиң! Андай болсо чыгып кет үйүмдөн!– кенже кызын кубалап жиберет.

Кыз ыйлаган бойдон кете берип, жалаң эле камыш өскөн сазга келип такалат. Өзүнүн кооз көйнөгүн каракчылардан жашырыш үчүн ал ошол жерден өзүнө камыштан кийим токуп кийип, жолун улантат. Жүрүп отуруп, бир күнү королдун кооз сарайына келет. Ал эшигин такылдатып, ичтен үн чыкканда сурайт:

– Силерге ашпозчу керекпи? Мен тамакты жакшы жасайм.

– Бизде ашпозчудан көп неме жок!

– Мен идиш жууп деле иштей бермекмин.

– Идиш жуугучтар дагы көп!

– Мен бекер эле жуумакмын.

– Бекер жуусаң кир анда.

Ошентип кыз эртеден кечке хансарайда идиш жууп иштей баштайт. Ал байкушту эч ким адам катары санабай, ал тургай атын сураганга жарашпай, жөн гана үстүндөгү кийиминен улам “Камыш кийимчен” деп атап коюшат. Көп күндөр өтөт. Бир күнү король ашпозчулардын мелдешин өткөрүп, биринчи орунду алган ашпозчуну өзүнө башкы ашпозчу кылып алмакчы болот.

Мелдешке өлкөдөгү мен ашпозчумун дегендин баары катышат. Не бир, не бир тамактар жасалып, аларды король жан-жөкөрлөрү менен жеп сынай баштайт. Акыры король бир тамакты жактырып, аны жасаган ашпозчуну өзүнүн жеке ашпозчусу кылып алмак болуп жеңүүчүнү чакыртат.

Бирок жеңүүчү келбейт. Король ачууланып мелдешти кайра баштайт. Акырында ал бир тамакты жактырат, ал мурунку мелдештеги биринчи орунду алгандыкынан да даамдуу болуп чыгат. Буга сүйүнгөн король жеңүүчүнү чакыртса ал дагы келбей койот. Ачууланган король үчүнчү мелдешти өткөрүп, бул жолу ар бир тамактын алдында аны жасаган киши келишин талап кылат.

Бул жолу жеңүүчү аныкталганы менен анын жасаган тамагы мурунку белгисиз жеңүүчүнүкүнө жетпейт. Король мелдешти кайрадан улантууну, бирок бул жолу биринчи, экинчи мелдештердегидей эле  өтүүсүнө жол бергени менен тыңчыларына белгисиз ашпозчуну аңдып,  ал ким экенин аныктоону буюрат.

Акыры эң даамдуу тамак аныкталганы менен аны жасаган чебер ашпозчу дагы келбей койот. Ачуусу келген король тыңчыларынан сурайт. Кыраакы тыңчылар өз иштерин кылдат аткарган экен, дароо эле ашканада идиш жууган камыш кийимчен кызды алып келишет. Король буга сүйүнбөстөн кайра: “Ушул самтыраган камыш кийимчен неме кантип ушундай жакшы тамакты жасай алсын?”– деп ачууланып баштаганда кыз үстүндөгү камыш кийимин чечип ыргытып, заматта айдай сулуу кызга айланып калат.

Кыз королго ушунчалык жагат дейсиң, тимеле көзүн тартып ала албай калат, буйдалбастан дароо эле өзүнүн башкы ашпозчулугуна дайындайт.

Камыш кийимчен королго мурда эч качан эч жерде жебеген ширин тамактарды жасап берип, алгач курсагы менен сүйгүзөт, анан король аны өзү эле чын жүрөгү менен сүйүп калат дагы, акыры колун сурап үйлөнүп тынат. Үйлөнүү үлпөт тоюна король бүт дүйнөдөгү королдорду чакырат, ал эми анын колуктусу бир эле конок чакырат.

Ал бир кезде өзүн үйдөн кубалап жиберген атасы болот. Бирок өзү анын кызы экенин жашырат. Камыш кийимчен ханыша конокторуна укмуш тамактарды жасап сыйлайт. Мындай тамакты жеп көрбөгөн королдор мактоодон башка кеп айта алышпайт.

Баардык тамактар желип бүтүп, акырында алдыга бышкан эт келет. Мурункудай эле баардык коноктор ачкадан бетер этти жеп отурушат. Бир гана кыздын атасына тузу жок эт тартылып жей албай койот.

Муну байкаган жанындагы королдор таңгалышып, анын туз салынбай бышырылган этинен кесип жеп көрүшүп, нары жута албай же бери чыгара албай отуруп калышат.

Конокту ушинтип дагы кемсинткенге болобу деп королдор ачуулангандарынча болбой камыш кийимчендин атасы бир кезде өзү кубалап жиберген кенже кызынын

“Мен сени эт тузду кандай сүйсө ошондой сүйөм” деген сөзүн эстеп, баарын түшүнө калат дагы, жаңы ханышаны жакшылап карап, бул аябай өзгөрүп кеткен өзүнүн кызы экенин таанып, жетип барып кучактап калат, жалынып кечирим сурайт. Кыз жарк этип күлүп, аны король күйө баласы менен тааныштырат…

Топ 10 популярдуу жомок

Ырдын атыLike саны
Алия менен жылкы39
Акылдуу кыз жомок35
Кыска жана күлкүлүү жомоктор34
Акылдуу балдар30
Көмөч нан (колобок) жомок23
Нооруз жөнүндө жомок22
Кырк калп жомок21
Жылдын төрт мезгили жөнүндө болумуш20
Карышкыр менен эчки20
Карышкыр жана жети улак18

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *