Аудиоcун угуу

Жомоктун тексти сүрөттөрү менен

Карышкыр жана жети улак 2

Илгери илгери токойлордун биринде, кичинекей жыгач үйдө бир эчки улактары менен жашаган экен. Эчки токойго тамак издеп көп кетчү экен, улактарына минтип айтчу экен:

Карышкыр жана жети улак 3

«Эч кимге эшикти ачпагыла, токойдо ач карышкыр аралап жүрөт». Эчки кайтып келип, эшикти кагып ырдайт: Кичинекей улактарым, балдарым!
Ачкыла эшикти, ачкыла! Апаңар келди,
Сүт алып келди.

Карышкыр жана жети улак 4

Кичинекей балдар дароо эшикти ачып, энесин коё беришет. Ал аларды тамактантып, кайрадан токойго кетет.

Карышкыр жана жети улак 5

Карышкыр мунун бардыгын угуп алып, эчки токойго кеткенде, акырын эчкинин үйүнө барып, ырдай баштайт:

Кичинекей улактарым, балдарым!
Ачкыла эшикти, ачкыла! Апаңар келди,
Сүт алып келди.

Кичинекей улактар жооп беришти: «Биз сени угуп жатабыз, бирок сен энебиз эмессин! Биздин энебиздин үнү башкача. Кет, карышкыр, кет!»

Эчки кайтып келип, эшикти кагып ырдайт:
Кичинекей улактарым, балдарым!
Ачкыла эшикти, ачкыла!
Апаңар келди,
Сүт алып келди.

Кичинекей балдар дароо эшикти ачып, энесин коё беришет. Алар энесине карышкыр кантип келип кеткенин айтып беришти. Ал аларды тамактантып, кайрадан токойго кетет. Кетип жатып дагы эскертет, эшикти эч кимге ачпагыла деп.

Карышкыр жана жети улак 6

Эчки кетери менен, карышкыр үйгө чуркап барып, тыкылдатып, ичке үн менен ырдады:

Кичинекей улактарым, балдарым!
Ачкыла эшикти, ачкыла!Апаңар келди,
Сүт алып келди.

Карышкыр жана жети улак 7

Улактар карышкырдын үнүн бул жолу тааныбай калышты, эшикти ачышты. Карышкыр үйгө кирип, балдарды бат эле сугунуп алды. Бир гана улак аман калды — ал мешке жашынып калды.

Карышкыр жана жети улак 8

Эчки үйгө келсе, эшик ачык, ал эми үйдүн ичи бош. Мешке барса, бир улагы чыгат экен. Ал энесине болгон окуяны айтып берет, эчки аябай ыйлап, мындай деди:

Оо менин балдарым, кичинекей улактарым! Эшикти эмнеге ачтыңар, Ач карышкырга жем болдуңар?

Карышкыр жана жети улак 9

Муну уккан карышкыр эчкиге:

— Сен эмне деп жатасың! Мен сенин балдарыңды жеген жокмун!

Карышкыр жана жети улак 10

Эчки болсо карышкырды мүйүздөрү менен сүзүп жиберет, карышкырдын тарсайган курсагы жарылып кетет. Кичинекей улактар баары жерден секирип, энесине чуркашат.

Алар кайрадан бактылуу болуп жашап калышат экен.

Ушул жомок боюнча тест тапшырсаңыз болот

1. Аман калган улак кайда жашынып калды?

 
 
 

2. Эчки улактары менен кайда жашашкан эле?

 
 
 
 

3. Эчкинин улактарын жегени кайсы жаныбар келет экен?

 
 
 
 

4. Эчки улактарын кантип куткарып алды?

 
 
 

5. Канча улак аман калды?

 
 
 

6. Эчки улактарына эмнени ачпагыла деп кетет экен?

 
 
 

Топ 10 популярдуу жомок

Ырдын атыLike саны
БУГУ ЭНЕ(«Ак кеме» повестинен үзүндү)99
Алия менен жылкы57
Карышкыр менен эчки43
Карышкыр жана жети улак34
Акылдуу балдар30
Көмөч нан (колобок) жомок28
ЖАЛКОО21
Кыска жана күлкүлүү жомоктор21
Коён менен кирпи20
Акылдуу кыз жомок17

Карышкыр жана жети улак: 23 комментарий

  1. Ооба жомок жакты.Мен бир ката таптымЭчки кетери менен эмес кетээри менен деп жазылатго

  2. Бул жомокту кичинелигимен укчу элем бул өзгөчө экен мен уккан, көргөн жомоктор өзгөчө эле

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *