Узак күттүм санаа санап күнү-түн,
Өзүңө арнап өмүрдүн үлүшүн.
Эрке мүнөз көңүлүмдүн жагымы,
Эстен кетпейт жүрөгүмдө жүрөсүң.

Өмүрүмдүн өчпөй турган гүлүсүң,
Таалайымдын ачылуучу бурүсүң.
Бүгүнкүдөй дале көздүн алдында,
Узатаарда улутунуп күлүшүң.
Ошол элес дайым менин жанымда,
Ой-тилегим сенин тарап жагыңда.
Кыял мүнөз, сенин турган келбетиң
Жүрөктөшүм, жүрөгүмдүн кабында.

Күтүшөлү кыйналайын аз убак,
Кыйналмайын бакыт болбойт азыраак.
Куса болсом кубанарым билемин,
Колго жылдыз нурум келип чачырап.

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *