Карышкыр менен кой дос болду. Дегеле биринен бири ажырашпайт. Кой эч камырабай оттоп жүрө берет, жанында камкор досу бар. Эч санаасы жок, жай өткөнчө абдан семирди. Аны көргөн досунун көӊүлү бузула баштады, көрсө эле көзү жайнап, тиши кычышат. Басса-турса ою – койдо. Кантип аны жесем дейт, кандай шылтоо табыш керек деп эртели-кеч башын оорутат. Жалаӊ ошого сары санаа болуп жүрүп арыктап да кетти.
Бир күнү койго айтат:
— Досум, бул жерде сен жегенге жакшы чөп калбай баратат. Башка жакшыраак жерге көчөлү.
Кой макул болуп, экөө көчүп калды. Кетип баратып агын сууга кездешти. Карышкыр койго сунуштайт:
— Сен алдыга түшүп өткөнүн оӊ го. Сен менден жакшы сүзөт эмессиӊби.
— Жок, досум, сенден кантип мурун сүзөйүн, сен мага караганда улуураак эмессиӊби.
Бирок карышкыр суранып жатып койду биринчи сүзгөнгө макул кылды. Суунун ортосуна келгенде чыдамы кеткен карышкыр ызырынып тийише кетти:
— Эмне мынча шаштыӊ? Жайыраак жүрчү, чаӊдатып жибердиӊ го, мени сокур кылайын деп атасыӊбы?!
Кой ага кайрылат дейт:
— Угуп турчу досум, бекер тийишкениӊ болбос. Бирдеме оюӊда болсо ачык айт да, ошону жаса, суу чаӊдайт деп шылтоолобой! Сууда чаӊ болмок беле?!
Темиралиева Уулжан