Бардар жашаган бир адыгейдин жалгыз уулу болуптур. Атасы өлүм алдында жатканда уулун чакырып минтип айтат: «Сага айтар үч насыятым бар, сен аны өмүр бою аткаргының: эч качан саламды биринчи айтпагының; күндө кечинде таттуу тамактан; күндө эртең менен бут кийим жаңырт».

Андан көп өтпөй карыя көз жумат. Уулу болсо атасынын насыяттарын калтырбай аткара баштайт: эч качан саламды биринчи озунуп айтпады; күндө кечинде таттуу тамактанды; күндө эртең менен бут кийим жаңыртты. Бирок ишинин баары теңирден тетири кетип, айылда ага салам узатып кол берер киши калбады, акчасы таттуу тамак-аш менен бут кийимге короп бүттү.

Баарынан ташжалак калгандан кийин энесинен келип сурады: «Апа, эмне үчүн атам мага душманына айтпай турган насыятын калтырган?»

Ошондо апасы мындай жооп кайтарыптыр: «Атаң мага өзү келип сурамайынча уулуңдун кылгандарына кийлигишпе деп эскертип кеткен. Анын эч качан саламды биринчи айтпагының дегени – элден мурда эрте ойгонуп, талаада иште дегени. А сен талаада иштеп атканда жаныңа келген адам саламды сага биринчи айтат. А экинчи насыяты – күндө кечинде таттуу тамактан дегени – талаада керээлдин кечке иштесең, кечинде оозуңа тийген тамактын баары таттуу болорун айтканы. Ал эми үчүнчү насыяты – күндө эртең менен бут кийим жаңырт дегени – эмне кийсе да эркек адам өтүгүнөн өйдө өзүн өзү карашы керек дегени. Адыгей деген элдин эркеги өтүгүн күндө кечинде жылтырата тазаламайын жаздыкка башын койгон эмес, ошондуктан анын бут кийими таң заарда дайыма жаңыдай көрүнөт», – деген экен энеси.

Муну уккан боз бала анын эртеси эле апасы айткандын баарын үрүл таңда аткарчу болот. Көп өтпөй ал бай болуп чыга келет, эң бир сулуу колуктуга туш болот. Анан да бул насыятты өз балдарына калтырып кетиптир.

Топ 10 популярдуу жомок

Ырдын атыLike саны
БУГУ ЭНЕ(«Ак кеме» повестинен үзүндү)81
Алия менен жылкы45
Карышкыр менен эчки44
Карышкыр жана жети улак37
Акылдуу балдар30
Акылдуу кыз жомок27
Кыска жана күлкүлүү жомоктор19
Акылдуу кыз17
Нооруз жөнүндө жомок17
Аяз ата14

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *