Кенеш тобу — Бактылуу болгула тексти

Көчүрүү (скачать)

Ак сүйүү дайрасында аккуудай бирге сүзүп,
Алыска учкун эки жаш,
Ашыктык гүлүн түйүп жомоктой кыялдарга,
Жол салып келгин эки жаш.

Кайырма:

Жомоктой кыялдардын жолунан адашпастан,
Максатка жеткин эки жаш,
Жүрөктөр бирдей согуп жылдыздар күндө болуп,
Жолдорун кошкон эки жаш,
Асманын ачык болсун ар дүйнө бакыт толсун,
Бакытка баткын эки жаш,
Бакчанар гүлгө толсун бирине жөлөк болуп,
Бактылуу болгун эки жаш.

Аттанып турмуш жолун ачылып жарык болсун,
Ак бата тийсин эки жаш,
Алдында наристелер айланып ойноп дайым,
Көлөктөп турсун эки жаш,
Айтылып эл ичинде ар дайым үйүнөрдө,
Ак бешик ыры ырдалсын,
Уйүнор шанга толуп үзүлбөй колдорунар,
Улгүсү болгун эки жаш,
Кемибей ырыскынар кен болсун турмушунар,
Көшөгөн гүлдөп көгөрсүн,
Кор турмуш сынал болуп көтөруп сындаш керек,
Көздөгөн жылды эки жаш.

Ушул жумадагы 10 популярдуу ыр

TitleLike Count
Нурмат Садыров - Жүрөктө Менин Арманым тексти298
Бекжан Темирхан - Эзилип буттум тексти109
Султан Садыралиев - Адамга адам керек тексти56
Нурлан Насип - Кыргызстан тексти25
Данияр Эрматов - Жолуккум келет тексти23
Зарлык Камбаралиев, Айганыш Абдиева - Сен менде ганасын тексти10
Мирлан Баеков - Оксук ыры тексти10
Кызсайкал Кабылова - Мен сизди унутушум керек эле тексти8
Гүлжигит Сатыбеков. Кара каш тексти жана mp36
Самара Каримова. Кыз узатуу тексти жана mp36